Али, Айлин, Аманда: Ош шаарында үч эм төрөлдү

Автор

Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 9-октябрда Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу 32 жаштагы Чолпон Садирали кызынан кабар алды.
Мэрдин орун басары эне-бала саламаттыгын сурагандан соң Ош шаарынын мэриясынын атынан сүйүнчү акчасын берди.
Белгилей кетсек, Чолпон Садирали кызы жолдошу Азамат Мусаевдин үй-бүлөсүндө эми 5 баласы бар.
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга, Али, Айлин, Аманда деген ысымдар берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз мушкерлери Эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште 6 жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Анвар Хожиев (48 кг) жана Санжар Сейдакматов (57 кг) алтын медаль жеңип, мелдештин жеңүүчүлөрү болду. Ислам Төрөбаев (57 кг), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг), […]

Сизге жагышы мүмкүн