Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев Жалал-Абад облусунун чыгарган чечимин аткарбаган билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеваны жарга такады. “Жалал-Абаддын губернатору июнь айында коллегия өткөзүп, коллегиянын чечимин силерге жөнөткөн. Анда облустагы билим берүү бөлүмдөрүнүн 6 жетекчисин кызматтан алуу сунушу берилген. Силер болсо, июнь айынан бери унчукпай отурасыңар”,- деди. Бирок, министрдин мындан кабары жок болуп чыкты.
Депутат маалымдагандай, аталган жетекчилер акча чогултушаары, ардак грамоталарды 5000 сомдон сатышаары жана кээ бир директорлорго чалып, кекилик, эликтин этин талап кылышаары ашкере болгон.