Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Мотолор боюнча көйгөй көп”

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев шаар ичиндеги мотолор, самокаттар боюнча маселе көтөрүп, тийиштүү министрликтерден булар боюнча түшүндүрмө сурады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-сентябрда парламенттин жыйынында айтып чыкты.
Ал “Учурда жол чыракта турган унааларды аралап өтүп, чийип, бир топ маселе жаралып жатат. Шаарда таптакыр эрежени сактабай калышты. Акылдуу шаар долбоору буларды тартабы? Санариптик өнүктүрүү жана Ички иштер министрликтери, мамлекеттик “Унаа” ишканасы биригип, иш алып барышпайбы? Аларды биз да угуп, кеңири маалымат алалы. Бул чоң көйгөйгө айланып баратат”,- деди.
Бул маселени өткөн жумаларда Марлен Маматалиев баш болгон биртоп депутаттар да көтөрүшкөн эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Мактоого арзыган демилге

Унутта калган эки адамдын эмгегин депутат Марлен Маматалиев элдин эсине салды. Алардын бири легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов жана жазуучу, сынчы Камбаралы Бобулов. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Эл өкүлү “Бегиш Ааматовдун демилгеси менен 31-август Эгемендик күнүбүз болуп жарыяланып калган. Ошол киши 5-маселе катары айтып, […]

Сизге жагышы мүмкүн