Кыргызстанда алимент төлөбөгөн аталардын саны 1.127 жетти. Ал эми алимент төлөбөй качып жүргөндөр 616 киши. Мындай маалыматты Сот департаментинин орун басары Кубат Черикчиев билдирди. Учурда укук коргоо органдарына 551 арыз түшкөн. Мыйзам боюнча алименттен качкан аталар Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси менен жазага тартылышып, 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул төлөшөт жана 2 айдан 1 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылышат.