Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиев республикадагы кезексиз президенттик шайлоодо 92,05 пайыз добуш алып, алдыда келе жатат. Бул тууралуу Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панахов бюллетендердин 93 пайыздан ашыгын иштеп чыккандан кийин билдирди.
«Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларынын 93,35 пайызын иштеп чыгып, добуштарды санап бүттү. Илхам Алиев 92,05 добушка ээ болууда»,-деди Панахов.