Алиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Автор

Рамиз Алиев Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Буга чейин Бишкек мэринин орун басары кызматын Жыргалбек Шамыралиев ээлеген. Ал кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.
Ал эми Рамиз Алиев буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасын жетектеп келген.

Бөлүшүү:
Next Post

7-май – эл аралык радио жана байланыш кызматкерлеринин күнү

Бүгүн, 7-май — Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү. Ал эми бул майрамдын тарыхына токтоло турган болсок, мындан 125 жыл мурун орус окумуштуусу Александр Попов байланыш тармагында ачылыш жасап, 7-майда радио байланышты ойлоп тапканын жарыя кылган. Совет доорунда 1945-жылдан бери 7-май– радио күнү расмий белгиленип келген. Ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн