«Азербайжандын президенти Ильхам Алиев AzTV каналына берген маегинде учак кырсыгынан кийин ал Россиянын шаарлары менен аба каттамдарын токтотуу боюнча буйрук бергенин айтты. Мындай чечимдин себеби катары коопсуздук маселелерин атады.
Мамлекет башчысы каттамдар качан жанданаарын тактаган жок. Грозныйга каттамдар такыр аткарылбай калышы мүмкүн экенин белгиледи.
«Бирок жашоо көрсөтөт. Россиянын аба мейкиндигинин коопсуздук маселелери сөзсүз эске алынат»,-деди Алиев.
Каттамдар Азербайжан менен Россиянын Грозный, Махачкала, Сочи, Владикавказ, Нижний Новгород, Самара, Саратов, Уфа жана Волгоград шаарларынын ортосунда токтотулган.
Буга чейин Түркмөнстандын «Түркмөн аба жолдору», Казакстандын Qazaq Air, FlyDubai жана Израилдин El Al авиакомпаниялары да Россиянын айрым шаарларына каттамдарын токтотконун билдиришкен.