Алиев Азербайжан парламентин таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиледи

Автор

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Милли Межлистин (Азербайжан парламенти) таркатылышы жөнүндө жарлыкка кол койду. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 1-сентябрга белгиленди.
Өткөн жумада, 21-июнда, башкаруучу партия «Ени Азербайжан» депутаттары президентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Буга чейин Азербайжан парламентине шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтмөк. Бирок 11-22-ноябрь күндөрү Бакуда БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптар конференциясы (СОР29) өтөт. Милли Меджлистин депутаттары мындай учурда парламентти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү максатка ылайыктуу деп эсептеп, тиешелүү өтүнүч менен президентке кайрылышты.
Өлкөнүн Конституциялык соту кийинчерээк парламенттин таратылышын жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону өлкөнүн конституциясына ылайык деп тааныды.

Бөлүшүү:
Next Post

Буттагы грибоктун эң негизги пайда болушунун себеби

Негизги себеби өнүктүрүү грибоктук инфекциялар болуп саналат. Патоген кирген организмге же ичиндеги адамдын организми. Бул жерде өзгөчө көп учурда онихомикозду пайда кылган кээ бир кычыткычтыр бар. Тырмак кычыткыны дарылоо үчүн төмөнкү ыкмалар колдонулат: жергиликтүү майлар – манжалар менен тырмак пластинкаларынын ортосундагы терини сыйпоо; таблеткалар жана капсулалар түрүндөгү фунгициддик препараттар – […]

Сизге жагышы мүмкүн