Азербайжандын президенти Илхам Алиев “Azerbaijan Airlines” авиакомпаниясынын учагы Актауда кыйрагандыгы үчүн Россияны күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырды.
Анын айтымында, Россия тарап Азербайжанга жабыркаган жүргүнчүлөргө жана экипаж мүчөлөрүнө компенсация төлөп бериши керек.
«Биринчиден, Россия тарап Азербайжандан кечирим сурашы керек. Экинчиден, күнөөсүн мойнуна алышы зарыл. Үчүнчүдөн, күнөөлүүлөр жазага тартылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы шарт жана Азербайжан мамлекетине, жабыркаган жүргүнчүлөргө жана экипаж мүчөлөрүнө компенсация төлөнүшү керек»,-деди президент AzTV телеканалына берген маегинде.
Ал 28-декабрда Россия тарап аталган шарттардын бирин аткарганын белгиледи.
Алиев авиа кырсыктын акыркы себеби кара кутулардын анализи бүткөндөн кийин белгилүү болорун баса белгиледи. “Баштапкы версиялар учактын Россия аймагынан сырттан зыянга учураганын көрсөтүүдө. Ал учак атайылап эмес, кокустан атып түшүрүлгөн”,-деди президент.
«Бизди капа кылып, таң калтырган учурлардын бири – бул Россиянын расмий органдары газ баллону жарылган деген версияны сунуштаганы болду. Бул маселени жашыруу аракети катары көрүндү, бул, албетте, Россия тарап үчүн аброй алып келбейт»,-деп кошумчалады президент.