Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко оорусу тууралуу маалыматка комментарий берди.
«Эгерде кимдир бирөө мени өлөт деп ойлосо, тынчтаныңыздар”,-деди Лукашенко өлкөнүн саламаттыкты сактоонун актуалдуу маселелери боюнча жыйында.
Ал Москва, Гродно, Гомель шаарларына сапарлары пландалгандыктан дарыланууга мүмкүнчүлүгү болбогонун тактады. Буга байланыштуу Александр Лукашенко «Мен өлбөйм, балдар. Дагы көпкө чейин мени менен болосунар»,-деди Беларуссиянын лидери.