Сауд Арабияда алгачкы жолу спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берилет. Бул принц Салмандын “2030-Визион” деп атаган реформасынын алкагында ишке ашууда. Өлкөнүн борбор шаары Эр-Риядда ачыла турган дүкөндөн мусулман эместер гана соода – сатык кыла алышат.
Борбор шаарда элчиликтер жайгашканын эске алганда аталган дүкөн дипломаттарга эшигин ачат. Мындан 70 жыл мурун 1952-жылы король Абдулазиздин уулдарынын бири мас абалында англиялык дипломатты атып өлтүргөндөн кийин Сауд Арабияда спирт ичимдиктерине тыюу салынган эле.
Учурда Принц Салмандын “2030-Визион” реформасы өлкөнүн нефтиден түшкөн кирешелерин жөнгө салуу, аялдардын укугун кеңейтүү, унаа айдаганга же, мамлекеттик кызмат үчүн талапкерлигин коюп, шайланууга жана өлкөнү баштан аяк реформалоого багытталган.