Алберт Эйнштейндин Токиодогу икаясы

Автор

Алберт Эйнштейн Нобел сыйлыгын алуу үчүн Жапонияга барганда сүйүнүчтүү эле. Ал “Токио Империял” мейманканасына жайгашып жатып, баштыкчаларын ташыган жөнөкөй отел кызматчысына тыйын-тыпыр бермек болду. Бирок, Жапонияда мындай адат жок эле.
“Байым, алган айлыгым өзүмө жетет. Анын үстүнө отелдин кардарын жайгаштыруу менин милдетим”,- деди кызматчы.
Алберт Эйнштейн сүйүнүчүнөн улам кагазга бир нерселерди чиймелеп, кызматкерге сунду.
Ал кагазда “ийгиликти көздөй чуркаган арсыз адамга караганда намыстуу инсандын жөнөкай жашоосу алда канча жакшы”,- деп жазылган эле.
Жапон кызматкер бул баракты өмүр бою сактады. Анын көзү өткөндөн кийин 2017-жылы небереси аукционго алып чыгып, 1 млн 600 миң долларга сатты.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров курулуштар боюнча иликтөөлөргө жооп берди

Кыргызстанда жакында айрым ЖМКлар тарабынан курулуш иштерине байланыштуу иликтөө жарыяланды. Анда бийлик жетекчилигинин жакындары өлкөдөгү курулуш иштерине кийлигишип жаткандыгы тууралуу дооматтар айтылды. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, өлкөдө жүрүп жаткан курулуштар тууралуу кеңири айтып берди. Президент бүткүл өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуштар баштала тургандыгына токтолуп, курулушка […]

Сизге жагышы мүмкүн