Ала-Тоо аянтында 3 күн боюу “Күз кайрыктары” аттуу музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар 2-3-4-сентябрда болот.
Кечелердин программасы:
– 2-сентябрь саат 19:30 Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын концерти;
– 3-сентябрь саат 19:30 Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фольклордук топторунун концерти;
– 4-сентябрь саат 19:40 Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жыйынтыктоочу эстрадалык концерти.
Белгиленгендей, “Күзгү кайрыктары” музыкалык кечеси – бул күз мезгилин музыканын жана искусство менен айкалыштырылган маданий иш-чара.