Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жайгашкан “Айкөл Манас” эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, реконструкциялоо иштеринин алкагында монументтин постаменти толугу менен жаңыланат жана жер төлөө бөлүгүнүн конструкциялары бекемделет.
“Оңдоо иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, “Айкөл Манас” монументин улуттук мурас катары маданий маанисин сактоого өзгөчө көңүл бурулат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Манастын эстелиги реконструкциялоо учурунда сактоого өткөрүп берилет.
Ысык-Көлдөгү «Евразияга» таандык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Бей Янв 16 , 2025