Эртең, 14-декабрда борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл Ала-Тоо аянты өзгөчө жасалгаланды. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, ар бир адам эс ала тургандай эс алуучу жайлар көбөйдү.
«Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаңы жылдык майрамдардын башталышын бирге тосуу үчүн бул салтанаткан чакырат. Жомоктун жана сыйкырдын атмосферасын тартуулап, миңдеген чырактар жана уникалдуу жасалгалар менен кооздолгон башкы балаты шаардын бардык тургундары үчүн биримдиктин жана кубанычтын символу болот»,-деп айтылат билдирүүдө.