Ала-Тоо аянтындагы балаты 14-декабрда жандырылат

Автор

«Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу аземи 14-декабрда өтөт. Бул тууралуу Мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы жылдык башкы балаты 14-декабрь күнү саат 18:30да өтөт. Быйыл Ала-Тоо аянты трансформацияланат. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, ар бир адам эс ала тургандай эс алуучу жайлар көбөйтүлдү.
«Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаңы жылдык майрамдардын башталышын бирге тосуу үчүн бул салтанаткан чакырат. Жомоктун жана сыйкырдын атмосферасын тартуулап, миңдеген чырактар жана уникалдуу жасалгалар менен кооздолгон башкы балаты шаардын бардык тургундары үчүн биримдиктин жана кубанычтын символу болот»,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Сириянын убактылуу өкмөтү түзүлдү

Сириянын убактылуу өкмөтү түзүлүп, 2025-жылдын март айына чейин иштей турган болду. Сириянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухаммед аль-Башир өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнүн жана анын март айына чейин иштээрин билдирди. Анын айтымында, өткөөл министрлер кабинетинин негизги милдети мамлекеттин ыдырашына жол бербөө болуп саналат. «Аль-Джазира» телеканалы 9-декабрда маалымдагандай, Мухаммед аль-Баширдин Сириянын премьер-министринин […]

Сизге жагышы мүмкүн