Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, балатыны “Тазалык” ишканасынын адистери орнотуп, андан соң “Бишкекжарыктын” кызматкерлери тарабынан кооздоо иши улантылат.
Быйыл жаңы жылдык балаты мурдагыдай эле фонтан комплексинин ортосуна орнотулат. Башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр.
Эскерте кетсек, жаңы жылдык балатыны орнотуу болжол менен 25 күнгө созулат.
Ажырашуудан кийинки трагедия: Элди сүзгөн айдоочу 35 адамдын өмүрүн алды
Шар Ноя 13 , 2024