Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмү мыйзамсыз акча чогултушкан

Автор

Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жана Эсептөө палатасы тарабынан Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүчү органдар (Эсептөө палатасы) тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгын жакшыртуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашыруу максатында Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилеринин коркутуп-үркүтүү жолу менен мыйзамсыз акча чогултуу системасын уюштурушкандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Аслан Койчиев: "Элди бөлбөгүлө, Кыргызга ынтымак керек"

Кыргыз Эл жазуучусу Аслан Койчиев “Кыргыз элин бөлбөй, жөн жашагыла, бизге ынтымак керек”,- деп билдирди. Кечээ ал “Сапат” билим берүү мекемесинин мугалимдер күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу кечеге катышты. Ал мугалимдер жамаатын куттуктоо үчүн сөзгө чыкканда, “Махмуд Кашгаринин конференциясы өткөн учурда белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин түрк элчилигинин кара тизмесине илинип, чакырылбай […]

Сизге жагышы мүмкүн