Ала-Букада мектеп сапатсыз курулгандыгы боюнча кылмыш иши козголду

Автор

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ала-Бука районунун Падек айылында жайгашкан Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин имараты сапатсыз курулгандыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө, Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин имаратын курууда жана кабыл алууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөй кабыл алынгандыгынын натыйжасында, баасы 59 млн 320 миң сомду түзгөн мектептин имараты сапатсыз курулгандыгы аныкталган.
Пайдубалынын ичине кум-шагыл ташталбастан, топурак менен толтурулгандыктан ички бириктирүүчү дубалдары (перегородка), ашкана жана ички ажатканасынын, ошондой эле мектептин 1-кабатындагы кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 20 см. 40 см. чейин чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен, дубалдарда жаракалар пайда болуп мектептин имараты окуучуларды кабыл алууга жараксыз абалга келип, жабылып калган.
Бул факты боюнча Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 273-беренеси (сапаты начар курулуш) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү жагы Ала-Бука районунун ИИБнө тапшырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Сейдана(кара зире) эмнелерге керектелет?

Кара зире – Nigella sativa деген өсүмдүктүн уругу. Бул уруктар тамак жасоодо жана элдик медицинада колдонулат. Кара зире пияздын, калемпирдин жана жаңгактын аралашмасын эске салган ачуу ноталары бар ачуу даамга ээ. Кара зире эмнелерге керектелет? 1. Тамак жасоодо: нанга, кондитердик азыктарга, шорполорго, эт тамактарына, салаттарга кошулат. 2. Ден соолук үчүн: […]

Сизге жагышы мүмкүн