Бишкек – Ош автожолунун 123-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу жана 209-230-чакырымдарындагы Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азыр жол ачык, жолдорду тазалоо жүрүп, тиешелүү каражаттар жолдорго себилип жатат. Өтмөк ашуусунда да абал ушундай экендиги айтылды.
Транспорт министрлиги айдоочуларды машиналарынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну өтүнөт.