Аламүдүндө 51 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

Автор

Аламүдүндө 51 млн сомдук жер тилкеси Маевка айыл өкмөтүнө кайтарылды. Бул тууралуу Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын аткарылышына текшерүү учурунда белгилүү болду.
Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, жер үлүшүнө укугу бар жарандардын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргызстандын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, кезектүүлүк тартибинде КР өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө жер тилкелери берилери аныкталган.
Бирок, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдагы, 2001-жылдагы токтомдору менен жер үлүшүн алган жарандардын тизмеси бекитилгендигине карабастан, системалык каттоо учурунда Маевка айыл аймагындагы 11,2 га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери экинчи ирет Б.Т., А.К. жана Ш.К. аттуу жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке менчигине мыйзамсыз катталып кеткен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде 51 млн 615 миң 400 сомду түзгөн 11,2 га жер тилкеси Маевка айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинанын куралдуу күчтөрү Белгороддун турак жай аймагына сокку урду

Украин армиясы Белгород облусуна RM-70 Вампир ракета системасын колдонуу менен кол салууга аракет кылган. Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аймакта абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатат. Белгород облусунда асманда 25 ракетаны жок кылышты. Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Украинанын куралдуу күчтөрүнүн абадан чабуулунан бир аял жабыркаганын белгиледи. Окуянын кесепетинен […]

Сизге жагышы мүмкүн