Кыргызстандын футзал боюнча өлкө биринчилигин Оштун “Алай” командасы утту. Башкы олжо үчүн беттеште “Алай” командасы Бишкектеги “Фарватер” клубун 5:4 эсебинде жеңди.
Бишкектеги “Газпром балдарга” спорт комплексинде өткөн биринчиликте күмүш байгеге “Фарватер” клубу ээ болсо, коло байгени Бишкектин “Дордой” командасы алды.