Алайдын Гүлчө айылы таза суу менен камсыздалды

Автор

Алайдын Гүлчө айылы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, тоолуу аймакты таза суу менен камсыздоо максатындагы иштер ушул жылдын 20-майында башталган.
Тоолуу аймакты таза суу менен камсыздоо максатында Аюу-Тапан айылынын Айгыр-Булак участкасынан 38 км аралыкка таза суу түтүктөрүн тартуу мерчемделип, сметалык долбоорлору даярдалган. 2024-жылдын 20-май күнү куруу иштери башталып, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен таза суу түтүктөрү Савай участкасындагы суу кампага туташтырылды. Анын натыйжасында Гүлчө айылынынын көчөлөрү да толук таза суу менен камсыздалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркия Путиндин сапарына даярдана баштады

Түркия Россиянын президенти Владимир Путиндин сапарына даярдыкты баштады. Ошол эле учурда, орус лидеринин сапарынын так мөөнөтү белгилене электиги белгилүү болду. Буга чейин Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Казанда өткөн БРИКС саммитинде жолугушкан. Эрдоган Путин менен болгон сүйлөшүүлөр боюнча өзүнүн таасирлери тууралуу айтып, орус президентинин Украинадагы ок атууну токтотууга […]

Сизге жагышы мүмкүн