Алайда 150-орундук заманбап мектеп курулууда

Автор

Алай районунун Сары-Таш айылында 150-орундук заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүк билдирди.

 

Маалыматка ылайык, облустун жетекчиси Эльчибек Джантаев Сары-Таш айылында курулуп жаткан №39 орто мектептин имараты менен таанышты.

 

«Алыскы аймактарды заманбап билим берүү мекемелери менен камсыз кылуу балдарга район борборлоруна баруунун зарылдыгын болтурбай, өз айылдарында сапаттуу билим алууга мүмкүндүк берет. Келечек ээлерине заманбап шарттарда сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү өлкө башчыбыздын программасынын негизги багыттарынын бири экенин баса белгилеп айткым келет. Ошондуктан курулуштун сапатын, мөөнөтүн тыкыр көзөмөлдөп, мугалимдердин балдарга сапатту билим берүү жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү иштерине кайдыгер болбой, өз милдеттерибизди так аткаралы», – деди Джантаев.

Учурда айылда 559 кожолук катталып, 2248 адам жашайт. Бирок 1986-жылы фин стилинде курулган №39 орто мектептин эски имараты жараксыз болуп, акыркы жылдары пайдаланылбай калган.

 

Бул көйгөйдү чечүү үчүн республикалык бюджеттен 118.4 млн сомду түзгөн. Курулуш боюнча 86.9 млн сомго тендерди утуп алган  «Эрбол Строй Сервис» ЖЧКсы курулуш иштерин аткарууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жай мезгили тууралуу кызыктуу фактылар

Жай – кичинекей жашоо… Жай дегенде эле, көз алдыбызга кереметүү көлдүн жээги, жайкы өргүү, төбөдөн тийген күн келет. Жай бул – эс алуунун, тайманбас саякаттардын жана кызыктуу сейилдөөлөрдүн мезгили, бул биздин көптөн күткөн эс алуу пландары жана гүлдөргө оролгон жыпар жыттар, мөмө-жемиштер жана жашылчалар, жарык жана салкындык менен жоомарт жылуу […]

Сизге жагышы мүмкүн