Алайда тоо-кен байытуу комбинаты ачылды

Автор

Ош облусунун Алай районундагы Кызыл-Булак участкасында жайгашкан «Перити-Коал» көмүр казуучу ишканасынын тоо-кен байытуу комбинатынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышты.
Облус жетекчиси Элчибек Жантаев өз сөзүндө тоо-кен байытуучу комбинат башка көмүр өндүрүүчүлөргө дагы өрнөк болорун, топтолуп калган көмүрдүн майдасын кайра иштетүү менен экологияга зыян келтирбестен таза байытылган көмүр өндүрүү заман талабы экенин билдирди.
Белгилей кетсек, тоо-кен байытуу комбинатынын өндүрүмдүүлүгү суткасына 1 миң 200 тоннага чейин, ал эми айына 36 миң тонна таза зыянсыздандырылган байытылган көмүрдү өндүрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Розалар жөнүндө укмуштуу фактылар

Роза дүйнөдөгү эң сүйүктүү гана эмес, сүйүүнү чагылдырган гүл болуп саналат. Розанын жегенге жарамдуу экенин, көпкө жашай аларын, Ыйык Китепте айтылганын жана С витамининин эң сонун булагы экенин билесизби? Сиз эч качан билбеген бул роза фактыларын карап көрүңүз. 1. Эң чоң роза Калифорнияда өстүрүлгөн. Ал кызгылт түстө болгон жана диаметри […]

Сизге жагышы мүмкүн