Алайда Мурдаш суусуна түшүп кеткен бала изделүүдө

Автор

Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш суусуна түшүп кеткен кичинекей баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
4-июлда «Лада 212140» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Мурдаш суусуна түшүп кеткен. Унаада айдоочу менен кичинекей бала бара жаткан. Куткаруучулар айдоочуну куткарып чыгып, ал эми жаш баланы издөө иштери уланууда.
Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам, жалпы 199 адам тартылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 8-12-июль аралыгында сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ кабарлады. Маалыматта ылайык, 8-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн