Алайда жер титиреди

Автор

20-октябрь күнү саат 23:44тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Эркештам айылынан 35 чакырым түштүк батышта, Көк-Суу айылынан 34 чакырым түштүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 35 чакырым чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Бразилиянын президенти БРИКС саммитине барбайт

Бразилиянын президенти Лула да Силва Россияга БРИКС саммитине барбайт. Дарыгерлер 78 жаштагы президенттин баш мээсинин арткы бөлүгүнөн жаракат алганын аныкташты. 19-октябрь кечинде Лула да Силва өзүнүн резиденциясы – Алворада сарайында ваннада жыгылып, Бразилиядагы Сирио-Либанес ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер анын башына үч тигиш койгон соң, амбулатордук дарыланууга чыгарган. Ошондой эле Россияга сапарга […]

Сизге жагышы мүмкүн