Алайда жаңы мектептин пайдубалынын мезгил кутусу салынды

Автор

Бүгүн, 8 – июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач төрага Кең-Жылга айылында жайгашкан №27 Жоро Алимов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды.
Аталган мектептин биринчи корпусу 1976-жылы курулган. Экинчи корпусу 2003-жылы ашар жолу менен салынган. Бирок авариялык абалга келип, колдонууга жараксыз деп табылган. Ага ылайык, имарат буздурулуп, ордуна жаңы мектеп куруу пландалган. Бул үчүн атайын долбоор иштелип чыгып, жаңы имаратты курууга мамлекет тарабынан 130 млн сомдон ашуун каражат каралган.
Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев Алайдан чыккан депутаттар парламентте активдүү экенин белгилеп: “Алар аймактагы көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп, калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп келишет. Бирок, “Миң уккандан, бир көргөн артык” – дегендей, аймактагы маселелер менен жеринде таанышып, тургундар менен жолугуп келүү үчүн атайын келдик”, – деди.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы өлкөдө жасалып жаткан иштерге токтолуп, акыркы жылдары мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык мекемелер арбын курулуп, жолдор жаңыланып, калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты.
Эскерте кетсек, төраганы депутаттар Улан Примов, Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Самат Жантелиев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эвересттен 11 тонна таштанды чыгарылды

Непал өкмөтү каржылаган команда бир нече жума бою Эвересттеги базалык лагерлердин аймагын тазалады. Euronews билдиргендей, алар 11 тонна таштанды чогултушкан, бирок тоону толук тазалоо үчүн көп жылдар талап кылынышы мүмкүн деп билдиришти. «Таштандынын көбү эски экспедициялардан калган. Акыркы экспедициялардан анчалык көп эмес. Анткени бүгүнкү күндө өкмөт жана жергиликтүү бийликтер тарабынан […]

Сизге жагышы мүмкүн