Алайдагы памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй башташат

Автор

Бүгүн, 8-апрелинен тарта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейде памирлик кыргыздар “Электр газ ширетүүчү”, “Айдоочулук”, “Тигүүчүлүк” кесиптери боюнча окутула баштайт.
Аталган кесиптик лицейдин администрациясы жана өндүрүштүк окутуунун устаттары Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп, лицейде окуй тургандардын тизмесин түздү.
Лицейдин администрациясы Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнө кат жолдоп, жыйынтыгында памирлик кыргыздар жумушсуздардын катарына кабыл алынып, №67 кесиптик лицейине окууга жөнөтүлө турган болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Алымкадыр Бейшеналиев унаалар боюнча үн катты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев соцтармакка жайылып жаткан “Бейшеналиевдин унаалары” деген маалыматты четке какты.Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, министр тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген. «Депутат Жусупбек Коргонбай уулу туура эмес маалымат таратып жатат. Ал берген маалыматтар бир катар интернет булактарына жайылып, “Алымкадыр Бейшеналиевдин көп […]

Сизге жагышы мүмкүн