“Ак шумкарлар” Өзбекстанга 2:3 эсебинде утулуп калды

Автор

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда беттеш аяктады. “Ак шумкарлар” Өзбекстандын футболчуларына 2:3 эсебинде утулуп калды
Беттештин 1-бөлүгүнүн 13-мүнөтүндө Жоэл Кожо эсеп сандарды ачып, Кыргызстан курамасын алдыга чыгарды. Көп өтпөй эле Өзбекстан курамасы эсеп санды теңеди. 34-мүнөттө Кыргыз футболчусу Одилжон Абдурахманов экинчи голду киргизди. 45-мүнөттө Өзбек курамасы да экинчи голун жаратты. Ошентип, оюндун 1-бөлүгү 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган..
Беттешке президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана башка мамлекеттик кызматкерлер күйөрмандык кылышты.
5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы Иран менен ойногон. Беттеш Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда болду. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ирандык Мехди Тареми бир гол киргизди. Кийинки бөлүктө бул эсеп өзгөргөн жок. Кыргызстандын курама командасы Иранга жеңилген.
Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары -2024: Таяк тартыш боюнча курама команда 8 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын таяк тартыш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 8 медаль (6 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти Маалыматка ылайык, эркектер арасында Уланбек Турганбаев (65 кг), жана Келдибек Атайбек уулу (105 […]

Сизге жагышы мүмкүн