“Ак шумкарлар “ Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде жеңди

Автор

Кыргызстан курама командасы Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утуп алды.
2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында бүгүн, 15-октябрда борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешти.
Үчүнчү айлампанын алкагында Кыргызстан алгачкы жеңишине жетишип 3 упай топтоду. Буга чейин улуттук курама команда Өзбекстан, Иран жана Катар курама командаларына жеңилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Артур Бетербиев дүйнөнүн мыкты боксерлорун атады

Жарым оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Артур Бетербиев бул салмакта дүйнөнүн мурдагы чемпиону Дмитрий Бивол менен беттешип жеңип алды. Жеңиштен кийин атактуу мушкер DAZN телеканалына маек куруп, бүгүнкү күндөгү салмак категориясына карабастан, эң мыкты деп эсептелген беш мушкерди атады. Бетербиев эң мыкты деп төмөндөгү мушкерлерди атады: 1. Теренс Кроуфорд; 2. […]

Сизге жагышы мүмкүн