“Ак шумкарлар” Тайбэй командасын 5:1 эсебинде жеңди

Автор

Бүгүн, 26-мартта 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңди.
Оюндун учурда биринчи бөлүгү Кыргызстандын пайдасына 3:0 эсеби менен аяктады, 2-бөлүктө атаандаштар 1 топ, ал эми Ак шумкарлар дагы 2 топ киргизип алышты.
Эскерте кетсек, кыргыз курамасы биринчи беттешинде жеңилип, кийинки үч оюнда жеңишке жетип, Кытайдын Тайбейи, Малайзия жана Оман курамалары да кирген D тайпасында экинчи орунда турат. Эң мыкты эки команда Дүйнө чемпиондугуна тандоонун кийинки баскычына чыгат.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан буудай аянтын кыскартат

Быйыл Казакстанда буудай айдоо аянты 429 миң гектарга кыскарып, анын ордуна социалдык маанилүү жана жогорку кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянты көбөйөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри Айдарбек Сапаров билдирди. Анын айтымында, буудайдын ордуна май өсүмдүктөрүн айдоо аянтын 385,7 миң гектарга, анын ичинде күн караманы 60 миң гектарга, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн