“Ак шумкарлар” Сауд Арабияга барды

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү үчүн Жидда шаарына барды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагындагы оюндарга даярдык көрүү максатында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү үчүн Жидда шаарына келишти.
Максим Лисицындын командасы Катар курама командасы менен конокто (10-октябрда), ошондой эле өз оюн талаасында Түндүк Корея менен (15-октябрда) беттешет.
Отуз оюнчудан турган команда 8-октябрга чейин машыгуу жыйынын өткөрүп, андан соң биринчи беттешин өткөрүү үчүн Катарга жөнөйт.
Белгилей кетсек, Түндүк Корея менен беттеш Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 20:00дө болот. Билеттер kassir.kg сайтында жеткиликтүү.

Бөлүшүү:
Next Post

Энергетика министри быйыл кышында өчүрүүлөр болбой тургандыгын айтты

Быйыл күз-кыш мезгилине электр энергиясына чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 4-октябрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди. Анын айтымында, кийинки жылы өлкөдө трансформаторлор боюнча көйгөй болбойт. “ Андай болбойт.Чектөөлөргө байланыштуу маалымат каражаттарына маалымат беребиз. Болгону саат 6.00дөн 9.00гө чейин өчүрүүлөр болот десек – бул чектөө гана. Бирок […]

Сизге жагышы мүмкүн