Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кечээ Кувейт футболчулары менен жолдоштук беттеште 3:1 эсебинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдоштук беттеш кечээ, 11-сентябрда “Севенс” стадионунда өттү. Кыргыз курамасынын голдорду 43-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов жана Жоэль Кожо 70чи – 88- мүнөттө гол киргизип жеңишти камсыз кылды.
Эске салсак, “Ак шумкарлар” буга чейин Дубайдын “Аль-Наср” клубуна 0:1 эсебинде жеңилип калган.