“Ак шумкарлар” Катар менен ойнойт

Автор

Футбол боюнча улуттук курама команда 3-октябрдан тарта 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу мелдештерине даярдыктарды баштайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Максим Лисицын башында турган улуттук курама команда 10-октябрда Катарда ойнойт. Ал эми 15-октябрда Бишкекте Түндүк Кореяны кабыл алат.
Эки айлампанын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык футболчулар эң акыркы 6-орунда келе жатат. Улуттук курама команда Иранга 0:1 эсебинде, Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Миллиондон ашык ливандыктар үйлөрүнөн кетти

23-сентябрда Израил «Хезболла» түзүлүштөрүнө каршы операциясын баштагандан бери Ливандын 1 миллиондон ашык жашоочусу же калкынын төрттөн бир бөлүгү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу экология министри Насер Ясин билдирди. “Израилдин Ливанга карата агрессиясынын жетинчи күнүндө, убактылуу жайгаштыруу борборлорундагы адамдардын саны 157 миңден ашып, 856 борбордо турушат. Биздин баалоолор боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн