«Ак шумкарлар» ирандыктарга утулду

Автор

Ирандын Исфахан шаарында Кыргызстан менен Ирандын футбол боюнча курама командаларынын беттеши болуп өттү.
Оюндун алгачкы бөлүгү талаа ээлеринин 1-0 эсебиндеги пайдасында (голдун автору-Мехди Тареми, 34′) аяктады. Ал эми, экинчи бөлүктө Максим Лисицындын оюнчулары чабуул жана атаандаштын дарбазасына көптөгөн соккуларды жаратканына карабастан эсеп сан, тилекке каршы, өзгөргөн жок. Оюн акырына чейин ушул эсеп сакталып, кыргыз курама командасы ирандыктарга утулду.
Бул оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын алкагында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров эки министрди дайындады

Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Дагы бир жарлыгы менен президент Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министри кылып дайындады. Буга чейин Жогорку Кеңеш Машиев менен Сыргабаевдин министр болуп дайындалышына макулдук берген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн