“Ак шумкарлар” Иранга жеңилип калды

Автор

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында өтүп жаткан Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши 3:2 эсеби менен Ирандын пайдасына аяктады.
Оюндун биринчи бөлүгү 2:0 эсебинде Иран курамасынын пайдасына аяктаган. Ал эми экинчи бөлүктө кыргыз курамасынын оюнчусу Жоэл Кожо атаандаштарга удаасы менен эки топ киргизип, эсепти теңеген. Бирок, ирандык футболчу беттештин 76-мүнөтүндө эсепти өзгөртүп, оюн 3:2 менен аяктады.
Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана 10 миңден ашык күйөрмандар келип кыргыз курамасын колдоого алышты.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Чолпон Султанбекова: "Туура эмес менчиктештирүү болгон деп артка кайтарып алуу маселеси көп болуп жатат"

“Көрүп жатасыздар, азыр кандай болуп жатат. 20-30 жыл мурда алып, иштетип, каражат коротуп, өнүктүрүп, өстүргөндөн кийин туура эмес менчиктештирүү болгон экен деп артка кайтарып алуу маселеси көп болуп жатат да. Кыргызстан боюнча маселе бар азыр, элдин ичинде”,- деп билдирди депутат Чолпон Султанбекова. Ал көптөгөн жарандар кайрылып жатканын айтып, 20 жылдан […]

Сизге жагышы мүмкүн