Абу-Дабинин «Мухаммед бин Зайед» стадионунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен беттешти.
Беттеш 3-0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.
Кыргыз курама командасы кийинки оюнун 19-ноябрь күнү Иранга каршы Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөрөт.
Жум Ноя 15 , 2024
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын ар кандай үлгүдөгү дрондордун мүмкүнчүлүктөрүн сыноолорго өзү жетекчилик кылды. Ал дрондордун массалык өндүрүшүн жолго коюуну тапшырды. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги (ЦТАК) билдирди. Түзүмдөр Түндүк Кореянын Дрондук Авиация Технологиялары Бирикмеси тарабынан иштелип чыккан. ЦТАК билдиргендей, сунушталган дрондор, анын ичинде «сокку уруучу камикадзе […]