“Ак шумкарлар” Бахрейнге кайрадан жеңилди

Автор

Кыргызстандын футбол курамасы 12-октябрда Бахрейн менен болгон жолдоштук мелдеште 2:0 эсебинде утулду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттеш Бахрейндин борбору Манама шаарында өткөн. Оюндун биринчи бөлүгү тең чыгуу менен аяктаган. Бирок экинчи бөлүктө «ак шумкарлардын» атаандаштары 2 гол киргизип, жеңишти илип кеткен.

Кыргызтан менен Бахрейндин курамалары буга чейин жалпы 7 беттеш өткөргөн. Алардын бешөөсүндө Бахрейн, бирөөсүндө Кыргызстан уткан. Бир оюн тең чыгуу менен аяктаган.

Кыргызстан 12-октябрдагы оюндагы жеңилиши менен Бахрейнге алтынчы ирет утулуп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ахрор Иминов эки айга камалды

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга УКМКнын СИЗОсуна камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Соттун чечимине ылайык, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылаган деген шек менен кармалган Ахрор Иминов 4-декабрга чейин камакта болот. Эскерте кетсек, камакка алуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топ түзүү же […]

Сизге жагышы мүмкүн