Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу, Словакиядан келген адис Стефан Тарковичтин алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, футболчуларга койгон талаптарын атады. Башкы машыкктыруучунун орунтуу ойлорун сунуштайбыз.
– Биз үчүн жергиликтүү менталитет менен таанышып, оюнчуларды талаадагы дараметин көрүп, келечекте жардам бере турган талдоо жүргүзүү абдан маанилүү. Кыргызстанда футбол боюнча келечеги кең оюнчулар көп. Азия чемпионатында ийгиликтүү болуп, күйөрмандарыбызды кубанта алабыз деп ишенем.
-Тартип абдан маанилүү. Менин футболго болгон көз карашым тең салмактуулук. Күчтүү жактарды бекемдеп, комбинациялуу оюнду өркүндөтүүгө аракет кылам.
– Эң негизги принцип — күчтүү командалык дух, өз ара ишеним, сый-урмат жана тартип. Мен күчтүү тараптарын, соккулардын сапатын жана башка аспектилерди күчөтүүгө аракет кылам. Жалпысынан алганда жумуш көп, биз кошумчалай турган нерселер арбын.
– Тизмени 8-майда жарыялаганбыз. Машыктыруучунун милдети – эң пайдалуу жана сапаттуу оюнчуларды изилдеп, тартуу.