«Ак-Тилек-автожол» өткөрүү бекетинде унаалар кезекте турат

Автор

Жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу  УКМК Чек ара кызматынын билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрь, саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 510 жүк ташуучу унаа турат.

Өткөн суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесин 555 транспорт каражаты кесип өткөн, анын ичинен Кыргызстандан Казахстанга 273 автоунаа чыгып, 282 унаа кирген.

«Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык боксчулар Беларуссияда эл аралык мелдешке катышууда

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Минск шаарында өтө турган (Беларусь) эл аралык мелдешке катышып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, мелдеш  25-ноябрга чейин уланат. КР курамасынын тизмеси: Анваржан Ходжиев (48 кг); Тургунбек Иманкадыров (57 кг); Баяман Азизбек уулу (60 кг); Мунарбек Сейитбек уулу […]

Сизге жагышы мүмкүн