Ак-Талаа районунда 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке алынды

Автор

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМК тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын жалпы аянты 2,30 га жер тилкесин мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы аныкталды.
2003-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен тил табышып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Ак-Талаа АТП” ААКтын жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.
Натыйжада ишкананын 45 млн сомго бааланган жери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Индиянын премьер-министри Киевге келди

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Киевге келип, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Сапардын расмий максаты эки тараптуу мамилелер боюнча сүйлөшүүлөр болду. Бул Моди мырзанын Украинага 1992-жылы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки биринчи сапары. Индиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Нарендра Моди менен Владимир Зеленский саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, маданий жана гуманитардык […]

Сизге жагышы мүмкүн