АКШнын Ак сарайынын стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби АКШ Украинанын ATACMS ракеталары менен Россиянын аймагына сокку уруусуна уруксат бергенин расмий түрдө ырастады.
Кирби Украинанын АКШ тарабынан берилген узак аралыкка атылуучу ATACMS ракеталарын Курск облусуна жана анын тегерегиндеги аймактарга сокку уруу үчүн колдонуусуна уруксат бар экенин, муну өзүн-өзү коргоонун зарылдыгы менен түшүндүрдү.
“Учурда аларда ATACMS ракеталарын өзүн-өзү коргоо үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер чукул муктаждык жаралса”,-деди ал журналисттерге өткөрүлгөн брифингде.
17-ноябрда батыш медиасында АКШ Украинанын Россия аймагына өз ракеталары менен сокку уруусуна уруксат бергени тууралуу маалымат тараган.
20-ноябрда Россиянын Коргоо министрлиги Украина ATACMS ракеталары менен Брянск облусуна алгачкы соккуларын жасаганы тууралуу билдирген.
Андан кийин Владимир Путин атайын кайрылуу жасап, Украинадагы кагылышуу глобалдык мүнөзгө өттү деп жарыялаган. Мындан улам Россия жаңы “Орешник” ракеталары менен Днепрге сокку урганын билдирди.