АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, мамлекет башчылыгына шайланган Дональд Трамптын Кытайды Украинадагы жаңжалдын жөнгө салышына тартуу демилгесин колдой турганын билдирди. Салливандын айтымында, Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары бул процессте маанилүү роль ойной алат.
Ал Кытайдын жаңжалды жөнгө салуудагы мүмкүн болгон ролун Украинанын жана Европанын башка мамлекеттеринин өкүлдөрү менен талкуулаганын кошумчалады.
Шар Дек 18 , 2024
Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына Адылбек Касымалиевди, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына Данияр Амангельдиев, Экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыковду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш аталган талапкерлерди дайындоого макулдук берип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды. Президенттин […]