«Ак-Кула» ат майданынын орду 49 жылга ижарага берилди

Автор

Бишкек мэриясы «Ак-Кула» ат майданынын жерин өткөрүп берүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 8-июлунда ROX Group жана TNG Global Foundation компаниялары ипподромдун мүлктүк комплексин сатып алуу сунушу менен мэрияга кайрылышкан. Бул эки компания жергиликтүү «РЦА Ливинг» ЖЧКсын негиздеген.
Келишим боюнча аталган жер тилкени 49 жылдык мөөнөткө колдонуу үчүн компания шаардык бюджетке 5,8 млрд сом төлөп бериши керек. Ошондой эле компания жалпы баасы 3,5 млрд сомду түзгөн: 3 мектепти, 3 бала бакчаны, унаа токтотуучу жайларды, муниципалдык жол менен тротуарларды жана инженердик байланыш түйүндөрүн куруп, мэриянын балансына өткөрүп берүүгө милдеттендирилген.
Мындан тышкары инвестор Бишкек шаарынын башкы планынын концепциясын ойлоп табууга каражат бөлүүгө тийиш. Жыйынтыгында муниципалитетке 10 млрд сом түшөрү айтылат. Жалпы инвестициянын көлөмү 87 миллиард сомду түзөрү кошумчаланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеш Соцфонддун бюджети тууралуу мыйзам долбоорлорун I окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2023-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулду. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Жыйында “КР Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “КР Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоорлору […]

Сизге жагышы мүмкүн