“Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин арызын кабыл алуу уланууда

Автор

“Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин табыштамаларын кабыл алуу 30-апрелге чейин уланат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка 2023-жылда тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат. Сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземи Бишкек шаарында 17-майда өтөт.
“Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы – өткөн жылдын жыйынтыгы менен кинематографиянын мыкты адистерин сыйлаган жыл сайын болуучу иш-чара. Ал улуттук кинематография кызматкерлеринин эмгегин жана жетишкендиктерин даңазалоо, өлкөнүн кино тармагынын өнүгүүсүнө түрткү жасоо максатында өткөрүлөт.
Аталган улуттук кино сыйлык 2012-жылы бараандуу кинематографисттердин тобу тарабынан негизделген. Кыргызстандагы кино тармагындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылган алгачкы сыйлык.
Иш-чара Кыргызстан кинематографисттер уюмунун, “Айтыш” коомдук фондунун, Кинематография департаментинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет. 2019-жылы киносыйлыкты жыл сайын откоруу максатында “Борбордук Азиянын кинематография искусствосунун “Ак илбирс” академиясы” коомдук фонду түзүлгөн.

Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:

мыкты тасма;
мыкты режиссёр;
мыкты сценарий;
мыкты оператор;
мыкты сүрөтчү;
мыкты композитор;
мыкты үн режиссёр;
мыкты монтаж;
эркектин мыкты ролу;
аялдын мыкты ролу;
мыкты даректүү кино;
мыкты кыска метраждуу кино;
көрүүчүлөр жактырган мыкты кино;
улуттук кинематографияга кошкон салым;
дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;
борбор Азиядагы мыкты кино;
борбор Азиянын мыкты актёру;
борбор Азиянын мыкты актрисасы.
Белгиленгендей, документ тапшыруунун мөөнөтү 30-апрелде аяктайт, табыштаманын үлгүсүн төмөнкү шилтеме аркылуу кирип жүктөп алууга болот.
“Аны толтурган соң akilbirsnma@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек. Байланыш номери: +996(706) 190 201”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Румыния Россиядан алтын запастарын талап кылууда

Румыния Россиядан падышалык доордо Москвага алынып кеткен алтын запастарын кайтарып берүүнү талап кылууда. Бейшемби күнү Европарламент анын талабына кошулуп, тиешелүү резолюция кабыл алды. Бул жерде тыйын жана куйма түрүндөгү 90 тоннадан ашык алтын жөнүндө сөз болуп жатат. Румыниянын Улуттук банкынын алтын запастары биринчи дүйнөлүк согуш маалында коопсуздугуна тынчсызданган Румыния өкмөтү […]

Сизге жагышы мүмкүн