Адамзат тарыхында табият кырсыгы дайыма арман – асирет менен коштолуп келген. XXI-кылымдын илимпоздору зилзалаларды божомолдоого болоорун бирок, күнүн жана айын белгилөө мүмкүн эмес дешет. Зилзала жер алдындагы газдын топтолушунан, анын суу же, нымдуулук менен тийишкен учурда жердин жарылышынан улам пайда болоору аныкталган.
АПТА атайын сиздер үчүн акыркы 50 жылдагы зилзалалар менен тааныштырат:
- 1970-жылы Перуда 8 баллга жеткен жер титирөө болгон. 100.000 адам каза болуп, 3 млн адам үй-жайсыз калган.
2. Кытайдын Сычуань провинциясында 2008-жылы 7.9 өлчөмүндө зилзала болгон. Анда 87.587 адам көз жумуп, 347 миң адам жаракат алган.
3. Индонезиядагы жер силкинүү 2004-жылы орун алган. Анын күчү 9.3 баллга жеткен. 230 миң адам жарыкчылык менен коштошуп, миллиондон ашык тургун үй-жайсыз калган.
- 1976-жылы Кытайдын Таншан аймагындагы жер титирөөнүн күчү 7.8 баллга жетип, 242.769 адам көз жумган. 15 сааттан кийин 7.1 күчүндө экинчи жолу жер титирөө катталып, калаа биротоло жер менен жексен болгон.
- Гаитидеги 7.0 баллдык жер титирөө 2010-жылы орун алган. Өлгөндөрдүн саны 222.570 адамга жетсе, үч млн адам көчөдө калган.
- 1966-жылы Ташкент шаары жер титирөөгө кабылып, 8 киши каза болгон. 300 дөн ашык адам жаракат алган. 37 395 имарат кыйраган.
- 1988-жылы Арменияда 9-10 баллга жеткен зилзала катталган. Анда 25.000 адам көз жумган.
- Ашхабат жер титирөөсү 1948-жылы орун алган. Анда 36-37 миң адам каза болгон. Анын күчү 7.3 баллга жеткен.
- 2023-жылы болсо, Түркиянын 10 облусун камтыган жер титирөөнүн күчү 7.8 баллга чейин жеткен. 40.000 ден ашык адам кулаган имараттардын алдында жан берген. 100.000 ден ашык адам үйсүз калган.