«Акыркы коңгуроо»: Эртең коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Автор

Кыргызстанда акыркы коңгуроо иш-чарасы учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан бардык орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө, мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын коопсуздугунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул күнү кызматкерлер орто мектептердин аймагына бөлүштүрүлүп, коопсуздукту камсыздашат.
«Айрыкча бүтүрүүчүлөрдын кандайдыр бир укук бузууларына жол бербөө үчүн алдын алуу иштери күчөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдык жолугушуу кечерелери учурунда ичип алып унаа башкарууга, авто ээнбаштык жасоого жана жалпы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы шаарларга кирип чыгуучу жолдого атайын күзөт посттору коюулуп, унаалар текешрилип турат.
Эске салсак, 25-май күнү Кыргызстандын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Ички иштер министрлигинен коопсуздукту камсыздоого жалпы 4 миңден ашык кызматкер тартылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Каза болгон Иран президенти Мешхедде жерге берилди

Тик учак кырсыгынан каза болгон Ирандын президенти Эбрахим Раисинин сөөгү Иран Ислам Республикасынын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарындагы Имам Реза мавзолейине коюлду. Ирандын тургундарынын президент менен коштошуу жөрөлгөсү буга чейин өлкөнүн бир катар шаарларында өткөн. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өлкөнүн бардык аймактарынан бир нече миллион адам катышты. Иш-чарадан кийин дагы үч […]

Сизге жагышы мүмкүн