Акыркы коңгуроого карата окуучулардын коопсуздугу көзөмөлгө алынат

Автор

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева балдардын коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жыйында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда онлайн өткөрүлдү. Анда министр ар кандай иш-чараларды билим берүү уюмдарынын аймагында гана өткөрүүнү жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева башкармалык башчыларына 12 жылдыкка өтүү боюнча пландарын иштеп чыгууну, ар кандай акча жыйноолорду токтотууну, мектепке чейинки билим берүүнү 40% жеткирүү боюнча иштерди алып барууну, “Акыркы коңгуроо” салтанатында жана “Алтын тамга”, Жалпы республикалык тесттерин өткөрүүдө коопсуздукту кароону тапшырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-12-майда күтүлүп аткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн