Адегенде “Издөөнү табуу” аттуу алакандай китеби менен көптүн көңүлүн буруп, кийин “Түндөгү караңкы” жыйнагы дагы кайдыгер калтырбаган акын Мезгил Исатовдун поэзия толкунун азырынча ача албайбыз. Бирок, кыска ойлору менен жазылган ак ырлары бирде айдан, бирде чөптүн жалбырагынан, кээде камыштын шыбышынан көрүнүп анан көпөлөктүн канатындагы кооздукка чөмүлгөнү байкалат. Мезгил Исатовду ырлары жөнүндө сынчы Болот Таштаналиев “Мындай ырды отура калып эле, колго калем кармап, жаза салуу эч мүмкүн эмес. Мындай ырларды “жашап” жазат. Акын болуу, акындык тагдыр күтүү – бул ар бир эле калем кармаган жазармандын колунан келе бербей турган нерсе. Акын Мезгил Исатовдо адамдын, акындын тагдыры бар”, -деп жазган. Эмесе адабий сынчы, “Кыргыз Туусу” гезиттин баяндамачысы Болот Таштаналиевдин ушул макаласын сунуштайбыз.
Эрнис Асек уулу акын Мезгил Исатовдун ыр китебине жазган баш сөзүн орустун улуу жазуучуларынын бири И.Тургеневдин: «Поэзия ырларда гана эмес: ал бардык жерде, айлана-чөйрөбүздө бар. Мобул бак-дарактарды, асманды карагылачы – туш-тараптан сулуулуктун, кооздуктун, өмүрдүн илеби урат, ал эми кооздук, сулуулук, өмүр бар жерде – поэзия бар” – деген чын жүрөктөн агылып-төгүлгөн сөзү менен баштаган экен.
И.Тургеневдин заманы кайда да, биздин заман кайда?!! Арийне, антсе да улуу жазуучунун айткандары Мезгил Исатовдун ырларына дал келет.
***
Эски там,
Эки терезе -эки көзүм.
Сырттан да, ичтен карап тагдырымы,
Жолоочудай жолумда…
Эски үйүм элесимде.
Эсимде…
Жарыктарым, жакшыларым,
Кечиргиле…
Кереметти күтө берип,
Кереметтей жакындарым,
Байкатпастан кетиптир…
Сүйүү барда ичибизде жашайбыз,
Жүрөктөрдө,
Эски үйүбүздө –
Эки терезе.
Эки дүйнөдө –
Бир эшик…
Ушундай эмеспи, бу жарык дүйнөдө жаӊы эч нерсе жок. Баары эски, баары көөнө. Жадагалса, тоолор да, талаалар да эски. Жылдар да жыл сайын эскирип барат. Анан ошол эски дүйнө, эски тамда – эки терезе, эки көзүбүз бар. Эки терезе, эки көз – жаӊы. Биз эски дүйнөгө жаӊы көз менен карайбыз, арийне ошол биз караган эски дүйнөнүн, эски тамдын эшиги бирөө гана. Мына караӊызчы, бул чынында керемет айтылган ой, акындык табылга эмеспи. Мейли, бул ырда уйкаштык жок болсун, үндөштүк да болбосун, мейли муун өлчөмдөрү да сакталган жок дейли, бирок ырдын ар бир сабында поэтикалык күчтүү ой, болгондо да тереӊ, философиялуу ой бар.
Мезгил Исатовдун ар бир ыры анын башкача ойлонуп, башкача жазган акын экенин тастыктап турат. Ал эч кимге окшошкусу келбейт эмес, анын ой жүгүртүү образы башка. Ал антип атайылап деле ойлонбосо керек. Бул анын дүйнөгө болгон көз карашын, дүйнө таанымын чагылдырат.
“Ыр уйкаш болуш керек” деген позицияны карманган айрым калемдештер М.Исатовго окшоп, эркин ойлоп, эркин жазгандарды кыртышы сүйө бербей, “ушул да ырбы?”, – деп мурдун чүйрүй турганы бышык. Бул жаӊылыш көз караш. Айталы, табият койнунда миӊдеген куштар бар. Алар түрдүү сайрашат, бириники бирине окшобойт. Анысы кандай, поэзия да ар түрдүүлүктү жактырат.
Ыр сөзсүз эле уйкаш болушу керекпи, же уйкаштык эмес, поэтикалык ой алдыӊкы планда болушу керекпи, бул да өтө талаштуу маселе. Уйкаштык деп уйкаштыктардын артынан кубалаган акындарды да окуп жүрөбүз. Кеп ырдын уйкаштыгы же тагыраагы формасында эмес, ыр чыныгы поэзиянын талабына жооп бере алабы, ырда окурмандын жүрөгүн өрөпкүтө ала турган канаттуу көркөм ой барбы, маселенин төркүнү ошого келип такалат.
Эӊ башкысы, И.Тургенев айтмакчы, М.Исатовдун ар бир ырында, атүгүл ар бир сабында поэзия алтындай болуп жылтырап көрүнүп турат. Болгону анын ырларын жөн эле көздүн кыры менен окуп койбой, жүрөктүн оту менен окуш керек. Анын ырлары мына дал ошондо гана ачылат.
***
Күн өтсө, күүгүм кирсе,
Күйпөлөктөп кеч бешим,
Караӊгыга камынып,
Кээ бир жылдыз эрте чыкты…
Энекем!
Уйун саап, досторконун эрте жайып,
Ошол күнү,
Күн дагы
Эрте батты….
Эртеси, энесиз эӊ биринчи таӊым атты.
А жылдыздар кеч кетти.
Энемдин элеси асманга тартылды.
Азыр да карап турат,
Ак булуттар…
Эгер кыл калем чеберинин эмгегине салыштырып айтсак, бул ыр бүткөн бир полотно. Мында сюжет да, көркөм образ да, анан акынга тиешелүү көркөм стиль да бар. Акынга энесиз аткан таӊды, азалуу кайгыны ашкере көркөмдөп, убара болуп кереги жок. Каралуу таӊ кара кийген адамга кумсарып, кунарып, куту кетип көрүнөт. Энесин жоктогон адамдын бут алдынан жер көчүп, дүйнө тарыйт. Энесин жоготкон бүт дүйнөгө таарынат. Энеси апкелген жарык дүйнөгө армандын, кайгынын көзү менен карайт. М.Исатов каарманынын мына ушул эс-мас абалын эӊ сонун ачып берген.
Эрнис Асек уулу: “Мезгил Изатовдун ырларын окугандан кийин негедир көкүрөгүмдү жылуу-жумшак сезим менен бирге бүдөмүк ойлор ээлеп, андан соң кусалык менен сагынычтын, жалгыздык менен жалынычтын, кайгы менен кубанычтын, аалам менен абийирдин, өлүм менен өмүрдүн, тааным менен көңүлдүн “жарк” дей түшкөн учкундары көз алдымда бийлеп жаткандай болду. “Ыр” десе эле жалаң шурудай тизилген уйкаш саптарга көнүп алган поэзия сүйүүчүлөргө Мезгилдин ак ырлары алгач ала-телек таасир калтырышы мүмкүн. Бирок болгон дитиңди салып, тереңирээк үңүлө тыңдасаң, ар бир сабынан Улуу Жашоонун күрөө тамыры согуп жатканын сезесиң.
…Кыргыз поэзиясында өзүнө гана тиешелүү өзгөчө дүйнөсү бар, өз стили, өз таанымы бар жаңы үн, жаңы добуш пайда болду. Ал өз оюн, сезим-туюмун ары жөнөкөй, ары татаал, ары баёо, ары катаал сөздөр менен бере алгандыгында, ал окурманга ыры аркылуу ички туюмун түшүндүрүп, чечмелеп олтурбастан, тек гана дубалды караганы, эшикти жапканы менен билдирип келип, оюн дароо “чорт” кесип, бир акыбал же кыймыл-аракет, жөнөкөй бир зат атооч менен бүтүрүп койгону да бир башкача. Мезгилдин дагы бир өзгөчөлүгү – жаз келгендей, күз келгендей, кыш келгендей төрт мезгилге айланган жан-дүйнөсүндөгү күзгү желаргыга дирилдеген бариктей философиясы. Дирилдеген саптарында көзү өткөн жакындарын, “жакшыларын” кеп кылып, аны да түз айтпай, анан “Эки дүйнөдө – бир эшик” деп бүтүрүп койгону философия эмей эмине?” – деп анын акындык жан дүйнөсүн дурус эле ачып берген экен. Мен да ушул айтылгандарга кошулаар элем.
Мезгил Исатов талашсыз мыкты акын. Адам катары жакшы адам.
***
Менин жашоом – меникине окшобой,
Ар бир жашым кайсы жылы жашалган?
Үтүктөлгөн, үзүк-үзүк күндөрүм,
Үшүгөндөн үйүн таппай,
Үнсүз гана үмүттөрү үзүлүп,
Жашалбаптыр жаштыгым…
Сандан санга саналып,
Сап-сап болгон жылдарым…
Бир катарга тизилген каркырадай
Көктөм менен көкөлөшүп,
Учуптур изи калбай…
Мындай ырды отура калып эле, колго калем кармап, жаза салуу эч мүмкүн эмес. Мындай ырларды “жашап” жазат.
Акын болуу, акындык тагдыр күтүү – бул ар бир эле калем кармаган жазармандын колунан келе бербей турган нерсе. Акын Мезгил Исатовдо адамдын, акындын тагдыры бар. Бар бол, Мезгил!